Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Президент Жээнбеков өкмөттүк аппараттын жамааттык сүрөтүн катуу сынга алды


Президент Жээнбеков Араван районунда. 11-июнь, 2020-жыл.
Президент Жээнбеков Араван районунда. 11-июнь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп түшкөн сүрөтүн сынга алып, тиешелүү жетекчилерди буга жол бергени үчүн жоопко тартууну талап кылды. Президент бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи:

«Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат».

Президент талапты аткарбагандар айыппул төлөөгө тийиштигин айтып, бирок бул чара аппараттагы катардагы кызматкерлерге карата колдонулбашы керектигин эскертти.

Мамлекет башчы мындан тышкары катардагы жарандарды да коронавирус илдетине олуттуу мамиле кылып, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Буга чейин өкмөт аппаратынын жамаатынын мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатып, өкмөт үйүнүн алдында түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар экс-премьер-министр баш болуп, вице-премьер-министрлер жана башка сүрөттөгү жүзгө чукул кызматкердин биринде да беткап жоктугун жана аралык коопсуздугу сакталбаганын сынга алышкан. Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов аппараттын бардык кызматкерлери күн сайын кызматка киришердин алдында дене табы текшерилип, тиешелүү көзөмөлдөн өтөрүн, аппаратта санитардык талаптар бекем сакталарын билдирген.

Соцтармактарда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун өзү түрдүү иш-чараларда, аймактарга жасаган иш сапарлары учурунда беткап кийбегени да сынга алынып келет. Президенттик аппарат азырынча бул сындарга жооп бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG