Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Евробиримдик Орусияга санкцияларды дагы алты айга узартты


Евробиримдиктин лидерлеринин видео конференциясы, 19-июнь, 2020-жыл.
Евробиримдиктин лидерлеринин видео конференциясы, 19-июнь, 2020-жыл.

Европа Биримдиги Орусияга Украинанын чыгышындагы куралдуу кармаштагы ролу үчүн киргизилген санкцияларды дагы алты айга узартты.

Мындай чечим шаркетке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин 19-июндагы видео конференциясында колдоо тапты. Анда француз президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Ангела Меркел Украинада өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин куралдуу кармашын токтотууну көздөгөн Минск келишими аткарылбай жатканын белгилешти.

Бул экономикалык чаралар 2014-жылдын июль айында киргизилгенден бери алты ай сайын узартылып келет. Санкциялардын мөөнөтү 31-июлда аягына чыгышы керек эле. Бир күн мурда Евробиримдик Крымдын аннексиясына байланыштуу Москвага киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узарткан.

Буга чейин президент Владимир Путин Орусиянын коронавирус пандемиясына каршы жакшыраак күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн экономикалык чараларды убактылуу токтотуп турууга чакырган. Бирок Евробиримдик мындай өтүнүчтү четке кагып, санкциялар Орусиянын эпидемияны жөнгө салуу аракетине кедергисин тийгизбей турганын белгилеген. Евробиримдиктин санкциялары көбүнесе Орусиянын финансы, энергетика жана коргонуу тармактарын бутага алат.

19-июндагы видео-конференцияда Европа Биримдигинин лидерлери коронавирус пандемиясынын кесепетин жөнгө салуу үчүн 750 миллиард евро бөлүү сунушун да талкуулады. Бул планды Франция менен Германия колдогону менен Европанын түндүгүндөгү бир нече мамлекет каршылыгын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG