Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Түркмөнстандын президенти Москвада өтө турган парадга катышпайт


Гурбангулы Бердымухамедов велосипедчендер күнүндө. 3-июнь, 2020-жыл.
Гурбангулы Бердымухамедов велосипедчендер күнүндө. 3-июнь, 2020-жыл.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өтө турган парадга барбай турган болду. Бердымухамедов өз чечими тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телефондон кабарлады.

Аркадаг өз чечимин 29-июнда 63 жашка толуп Мухаммед пайгамбардын жашына чыгарын, түркмөндөр үчүн бул күндү жакындары менен өткөрүү маанилүү экендиги менен түшүндүргөн. Эки жумалык обочолонуу режиминде жаткандыктан Орусияга баруу мүмкүн эместигин айткан.

Бердымухамедов парадга катыша албай калганы үчүн өкүнөрүн билдирип, Москвада өтчү салтанатка Түркмөнстандын коргоо министри Бегенч Гундогдыев башында турган өкмөттүк делегация бара турганын кошумчалаган.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да өлкөсүндө коронавирус күчөп жатканынан улам парадга катыша албасын билдирген.

Катта Пашинян Путин менен жакын арада “союздук мамилелер боюнча суроолорду” талкуулоо үчүн жолугушууга үмүт кыларын белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада өтө турган парадга бара турганы 28-майда белгилүү болгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирген.

Ага чейин Орусиянын бир катар медиа каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

Бул жылы Орусияда Жеңиш күнү 9-майдан 24-июнга жылдырылган. План боюнча Путин Кызыл аянттагы трибунада согуштун катышуучулары менен болот. Мурдараак Bloomberg агенттиги парадга келе турган Экинчи дүйнөлүк согуштун 80дей катышуучусу карантинге алынганын эки чиновникке таянып билдирген эле.

XS
SM
MD
LG