Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан коронавирус табылды


Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдон COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Маматов ооруканаларда орун жетишсиздигин айтып, үйдө дарыланып жатканын билдирди. Өз сөзүндө «вирустун экинчи толкуну келгенин» белгилейт.

Мурдараак Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден, Оштун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан вирус табылган.

Кыргызстанда 22-июнда дагы 205 кишиден коронавирус табылды. Соңку бир суткада үч киши оорудан көз жумуп, 10 киши айыкты.

Өлкөдө коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетти. Алардын ичинен 40 адам каза болуп, 2021 киши сакайды. (ErN)

XS
SM
MD
LG