Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Жалал-Абадда оорукчан балдар кургак учукка кабылды


Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси.
Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси.

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде кургак учукка кабылган 14 бала ошол мекеменин өзүндө изоляцияга алынды.

Өзгөчө шарттагы оорукчан балдар тарбияланган мекемеде кургак учук апрель айынын башында аныкталган. Учурда атайын бөлүнгөн адистер балдарды күн сайын көзөмөлдөп турат.

Балдар сакая баштады

Эки ай мурда кургак учук жуктуруп алган 14 бала учурда Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык балдар үйүнүн өзүндө дарыланып жатат. Социалдык-стационардык мекеменин эски имараты дарылоого ылайыкташтырылып, балдар изоляцияга алынган.

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова балдардын абалы боюнча буларды айтып берди:

Бурулкан Кадырова.
Бурулкан Кадырова.

«14 баланын ичинен ден соолугу калыбына келе баштагандар бар. Биз берген дарыларды жакшы кабыл алып жатат. Учурда төрт бала интенсивдүү негизги базасын бүтүрүштү. Кайрадан өпкөсүнө рентген тартканда динамикасы жакшы болуп жатканын байкадык. Балдардын салмагы көбөйүп, табити ачылып, бетине бир аз кан жүгүрүп калды. Калгандарынын да абалы акырындап жакшы болуп баратат».

Шаардагы психоневрологиялык мекемеде бир жаштан 18 жашка толо элек акыл-эси начар, шал оорусуна кабылган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Балдардын арасынан оорунун алгачкы белгилери февраль айында аныктала баштаган. Бирок мекеме жетекчилиги балдардын кургак учук дартына чалдыкканын жакшы билген эмес. Стационардык балдар үйүнүн директору Дамира Алимжанова буларды айтты:​

Дамира Алимжанова.
Дамира Алимжанова.

«Февралдын аягында бир балабыздын дене табы көтөрүлүп, ооруп калды. Бул адаттагыдай эле оору деп ойлогонбуз. Булар төшөктө кыймылдабай жаткан балдар. Бизде кооптонуу пайда болгондуктан баарын текшерүүдөн өткөрдүк, жыйынтыгында 14 баланын өпкөсүнөн кургак учуктун белгилери пайда болду. Өз алдынча дарылоодон майнап чыкпаган соң турдиспансерге кайрылдык. Ошол замат балдарды бөлүп, өз алдынча изоляцияга алдык. Эки кабаттуу имараттын биринчи кабатында беш, экинчисинде тогуз бала жатат».

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин жаңы курулган имараты.
Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин жаңы курулган имараты.

4-апрелде балдардын психоневрологиялык стационарынын жетекчилиги төрт балада илдет шектелип жатканын айтып, Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна кайрылган. Аталган мекеменин дарыгерлери ал балдарды рентгенге тартып, натыйжада төртөөндө оору аныкталган. Кийин мекемедеги 95 бала текшерилип, жыйынтыгында 14 баланын анализи курчак учуктун бар экенин тастыктаган. Учурда аярлуу балдар ооруну кайдан жуктуруп алганы териштирилип жатат.

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова бир топ версиялар бар экенин айтты:

«Психикалык абалы жана иммунитети начар болгондуктан аларга оору жуккан болушу мүмкүн. Ошол себептүү көп баладан табылды. Балдардын карточкаларын карап көрсөк айрымдарынын өпкөсүнө суук тийген экен. Февраль айында да бир бала рентгенге түшкөндө өпкөсү шамалдап калганы аныкталыптыр. Ошол мекеменин дарыгерлери ушул абалга жеткирбей өз учурунда дарылап же бизге билдириши керек эле. Балким бул жерде мекеменин кызматкерлеринин кайдыгерлиги болуп калгандыр».

Оорукчан балдардын кайрадан эле балдар үйүндө дарыланып жатышы мекеме кызматкерлерин да кооптондуруп, буга байланыштуу арыз облустук жана шаардык бийликке жолдонгон. Жашыруун катта буга чейин да аталган жайда балдардын оорусу катталгандыгы белгиленген.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев белгисиз катка жооп берилбегенин айтат. Ал эми бул жагдай шаардык бийликтин өзгөчө кырдаал комиссиясынын жыйынында өткөн айда каралган.

Руслан Алтымышев.
Руслан Алтымышев.

«Комиссиянын отурумунда тийиштүү адистин кызматын кароо боюнча сунуш бердик. Ошондой эле облустук турдиспансердин жетекчилигине өзүнүн тиешелүү кызматкерлерине чара көрүү боюнча билдирүү жөнөттүк. Мындан сырткары балдарды убактылуу үйгө алып кетүүгө жана адамдардын кирип-чыгуусуна чектөө койдук. Андан сырткары 76 кызматкердин да кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди».

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Аталган жайдагы 95 баланы 80ге чукул кызматкер карайт. Мекеменин жетекчиси Дамира Алимжанова балдардын мүмкүнчүлүгү эске алынып ооруканага которулган жок дейт.

«Дарылоо үчүн балдарды турдинпансерге которсок болмок, бирок алардын жобосунда психоневрологиялык балдарды дарылоого албайт экен. Себеби ал жакта акыл-эси жагынан таза балдар жатат, буларды караганга тарбиячы да болушу керек экен. Ошол себептен дарылоо үчүн ушул жерге бардык шарттарды түзүп бердик. Азыр турдиспансердин эки дарыгери күн сайын келип көзөмөлдөп жатат. Мындан сырткары бизден үч медайым жана алты тарбиячы кошулган. 2,5 айдан бери дарыланып, күз айларында изоляциядан чыгарсак болот деп жатышат».

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы балдардын жапырт ооруп калышын текшерип, кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу орун алган эмес деп тапкан.

Жалал-Абад облусунда акыркы учурда кургук учукка кабылгандар азайып баратканын статистикалык маалыматтар тастыктайт. Бирок балдар үйүндөгү массалык оорунун жайылышы аймакта алгачкы ирет катталып отурат. Быйыл жыл башынан бери облуста 319 адам бул ооруну жуктурса, алардын 29у - балдар.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG