Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

Журналисттердин көз каранды эмес бирлиги Интернетти көзөмөлдөө мыйзамын кабыл албоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын журналисттеринин көз каранды эмес бирлиги Жогорку Кеңешке кайрылып, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 23-июнда бирликтин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди. Уюмдун пикиринде, эгер парламенттеги бул демилге колдоо тапса, жалпы коомго зыяны тиет:

“Кыргыз Республикасынын Журналисттеринин көз каранды эмес союзу Жогорку Кеңештин депутаттарын сөз эркиндигине зыян келтирген “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга үндөйт. Биздин оюбузча, бул мыйзам журналисттик жамаатка гана эмес, бүтүндөй кыргыз коомуна зыян келтириши мүмкүн”.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Буга чейин "Медиа Полиси Институту" уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG