Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы петицияга кол чогултулууда


Кыргызстанда активисттер "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы онлайн петицияга кол чогултуп жатышат. Жалпы 5000 кол топтоо пландалган петицияны 23-июнда 2800дөй адам колдоду.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

"Медиа Полиси Институту" уюму бул мыйзам "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. Ушул эле маселе боюнча "Сорос-Кыргызстан" фонду Жогорку Кеңешке кайрылган.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (SE)

XS
SM
MD
LG