Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Коомдук уюмдар парламент төрагасы боюнча сотко кайрылышты


Дастанбек Жумабеков.

Кыргызстандын бир катар коомдук уюмдары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго арызданып, сотко кайрылышты. "Smart Жаран", ”Эркиндик үнү”, "Прецедент" уюмдарынын төрага парламенттин регламентин бузуп жатканы тууралуу административдик доосу Бишкектин район аралык сотуна тапшырылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Smart Жаран" ассоциациясынын жетекчиси Эркина Убышева билдирди.

Арызданган тарап Жумабеков 18-июнда депутаттардын саны жетишсиз болгонуна карабастан мыйзам долбоору боюнча добуш бердиргенин, депутаттар залды кыдырып, башкалардын кнопкасын басып жүргөнүнө “унчукпай карап турганын” белгиледи. Анын мындай кылганы парламентте кабыл алынган мыйзамдардын легитимдүүлүгүнөн күмөн саноого негиз болушу ыктымал экени айтылды.

Жогорку Кеңеш 18-июнда отуздай мыйзам долбоорун караган. Алардын катарында коомчулуктун кызуу талкуусундагы жана чуулгандуу мыйзам долбоорлору да бар болчу. Ошол күнү түштөн кийинки ишин парламент ондон ашык депутат менен баштаган.

Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат.

Жумабековго байланыштуу сотко арыз берилгени тууралуу парламенттин өзүнөн азырынча расмий комментарий боло элек.(RK)

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG