Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

«Мен фейк эмесмин» аттуу акция өттү

Акциянын катышуучулары сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы чыгышты.

Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаеванын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган постуна социалдык тармактын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип жатышат. Бир тобу депутаттан мыйзамды чакыртып алууну талап кылууда. Асылбаева социалдык тармактагы баракчасына 24-июнда аталган мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жазган.

25-июнда Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет. Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын төрт кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу парламенттин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт жана ага журналисттер киргизилбейт деген чечим кабыл алынган.

25-июнда депутаттар 40тан ашык мыйзам долбоорун карашат. Парламент депутаттарынын бири Дастан Бекешев 24-июнда күн тартибине коюлган 24 мыйзам долбоору түшкө чейин эле каралып бүткөнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Айрым жарандык активисттер парламент маанилүү мыйзамдарды жабык талкуулап, кабыл алып жатканын сындап жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG