Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Путин Жээнбековго Москвага сапары үчүн ыраазычылык билдирди


Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада. 24-июнь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада. 24-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен 26-июнда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппарат 28-июнда билдирди.

Сүйлөшүү учурунда орус президенти Кыргызстандын мамлекет башчысына Москвага жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Жеңиш парадына катыша албай калганына өкүнгөнүн айтты. Владимир Путин кыргызстандык куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрүнө Жеңиш парадында өз мамлекетин бийик деңгээлде көрсөтө алышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Жеңиш эки өлкө үчүн тең маанилүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысына Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы өзүнүн парадга катышпаганын эң ириде кыргызстандык делегациянын курамындагы ардагерлердин жана аскерлердин саламаттыгына коркунуч келтирбөө максаты менен түшүндүрдү.

Президенттер мындан тышкары эки тараптуу кызматташуу маселелери тууралуу пикир алмашып, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин бийик сактоону макулдашты.

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калган. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Жээнбековдун анализи таза чыкканы кабарланган.

Орусиянын Кыргызстанда бир нече аскер базалары бар. Алар: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат.

Жакында Орусиянын Канттагы аскер аба базасына байланыштуу протокол "Орусиянын кызыкчылыгына иштейт" деген сынга кабылып, кыргыз коомчулугунда нааразылык жараткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG