Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:20

Зере: #Reакция 3.0гө катышуум тууралуу белгисиз бирөөдөн телефон чалуу болду


Зере Асылбек кызы. Архивдик сүрөт.

Кыз-келиндердин укугун коргоп чыккан ырчы жана активист Зере Асылбек кызынын 29-июндагы Бишкектеги акцияга катышуусу тууралуу анын жакындарына телефон чалуу болду. Бул тууралуу активист кыз “Азаттыкка” билдиргендей, 28-июнда атасы Асылбек Жооданбековго өзүн Азамат деп тааныштырган бирөө чалып, “балким, алардын үйүнө барып, жолугуп кетерин” айткан. Бирок, Зере белгилегендей, атасы андай адамды тааныбайт:

“Мен кайра чалып, “Сиз ким болосуз, атамдын номурун, жашаган жерин каяктан билесиз, эмнеге минтип чалып жатасыз?” деп сурасам айтпай койду. Аты Азамат экенин гана айтты. KLOOP ал кишиге чалса “Асылбек байкенин таанышы болом” деп коюптур. Бирок атам аны тааныбайт. Социалдык түйүндөрдөгү менин окурмандарым анын телефон номурун атайын программага салса “Азамат, 10-бөлүм” деп чыкканын жазып жатышат. Мунун чын-төгүнүн билбейм".

10-бөлүм деген структура Ички иштер министрлигине карайт. “Азаттык” бул окуяга милиция кызматкеринин катышы канчалык экенин билүү үчүн Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматына кайрылды. Мекеме азырынча жооп бере элек.

Бишкекте 29-июнда "#Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясы өтүп жатат. Агы Зере да катушууда. Уюштуруучулардын айтымында, митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулду.

Зеренин адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби 2018-жылы жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан.

Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG