Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Бишкек: Жайында дээрлик катталбаган пневмония бир күндө 73 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында өпкөсүнөн кагынып (пневмония) "Тез жардамга" кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу 29-июнда “Азаттык” радиосуна Ыкчам медицина борборунун (“Тез жардам”) жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, соңку бир сутка ичинде 73 бейтап катталды.

Бул оору 24-июнда 57, ал эми 25-июнда 48 адамдан аныкталган.

Шаяхметов буга чейин билдиргендей, жай мезгилинде мындай диагноз менен кайрылгандар такыр катталчу эмес, башка убактарда бир күндө ашып кетсе үч учур болчу.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Социалдык түйүндөрдө өпкөсүнөн кагынып, бирок анализи коронавирустан таза чыгып жаткан бейтаптар да көп экенин кабарлагандар арбыды.

Көз каранды эмес адистер Кыргызстанда колдонулуучу анализдөө ыкмалары коронавирусту так аныктай албай жатканын белгилөөдө.

29-июндан тартып пневмония болгондор да коронавирус үчүн даярдалган ооруканаларга жаткырылмай болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт коронавируска байланыштуу айрым ооруканалардан кошумча орундарды даярдап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG