Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Боронов: Көпчүлүк "Вирус жок" деп жүрүп ушул абал түзүлдү


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Өкмөт элдин көпчүлүгү коронавирус илдетине олуттуу мамиле жасабагандыктан абал оорлошуп кетти деп эсептейт. 29-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов айтканын билдирди:

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, эл көп чогулган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди”.

Өкмөт башчы азыр да адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай туруу кеч эмес экенин кошумчалады. Бул айрыкча улгайган, кооптуу топтогу адамдарга тийиштүү экенин белгиледи.

Ошону менен катар Боронов эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөө керектигин, анткени коркуу сезимин башаламандыкка алып келерин айтып, элди сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырды.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен айыккандардын бул оору боюнча жалпы көрсөткүчтөгү деңгээли күндөн-күнгө начарлап баратат.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт коронавируска байланыштуу айрым ооруканалардан кошумча орундарды даярдап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG