Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Министрлик: Абалы оорлорду “Тез жардам” күтпөстөн өзүңөр алып келсеңер да кабыл алабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ооруканаларга абалы начар бейтаптарды “Тез жардамдын” багыттама кагазы жок болсо да кабыл алууга уруксат берилди. 30-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, медицина кызматкерлери абалы оорлорду жакындары өз машинасы менен алып барса кабыл алууга милдеттүү болот:

“Эгер мүмкүнчүлүк болсо өзүңөрдүн машинаңарда алып келсеңер эч ким кабыл албай койбойт. Мен расмий түрдө айтып жатам. Кээ бирде “Тез жардам” менен келгиле деген талап коюлуп, түшүнбөстүктөр болууда. Ооруканалардын жетекчилери билет, бирок кээ бир дарыгерлерге маалымат жетпей калгандыр. Аны да туура түшүнүү керек. Бүгүн кезметтеги дарыгерби, кызматкерби, баарына “Клиникасы оор болуп жатса жаткыргыла” деген тапшырма берилди”.

Адатта адамды ооруканага жаткыруу үчүн жашаган жериндеги бейтапкананын же “Тез жардамдын” багыттама кагазы талап кылынат. Ансыз медицина жайы кабыл албайт.

30-июнда Кыргызстанда коронавирустан бир күндө каза болгондордун саны боюнча алгачкы жолу эң көп учур – жети адам катталды. Буга чейин суткасына 1-3 өлүм болуп келген.

Жалпысынан 18-марттан 30-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт соңку күндөрү "Тез жардам" кызматына кайрылгандар аябай көбөйгөнүн айтууда.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG