Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Президент Жээнбеков: Коңшулар менен курчуп кеткен мамилени мураска алгам


Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламентте билдиргенине караганда, ал алгачкы жылын Кыргызстандын тышкы саясатындагы чиелешкен маселелерди жөнгө салууга коротту:

“Мен мамлекет башына келгенде тышкы саясатта чиелешип калган маселелерди, коңшулар менен акыркы убакта курчуп кеткен мамилени мураска алдым”.

Президент аракеттердин натыйжасында "прагматикалык тышкы саясат жөнгө салынганын", стратегииялык өнөктөштөр сыяктуу эле Батыш Европа жана Араб өлкөлөрү менен мамиле жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгиледи:

“Кайсы өлкөгө барбайын, чечилбей келе жаткан майда жана ири маселе, күмөн саноо турду. Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына доо кетирбей, ошол эле учурда алыскы жана жакынкы өнөктөштөрдүн ишенимине татыктуу болуу максатында таза ниет менен кадам таштап, мамиле түзүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Кудайга шүгүр, улуттук кызыкчылыктарга таянган жаңы прагматикалык тышкы саясатыбыз жөнгө салынды”.

Президент ошол эле учурда жакынкы кошуналар – Тажикстан менен чек ара маселеси чечилбей келе жатканын, ал эми Казакстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөш болсо да, көйгөйлөр бар экенин мойнуна алды.

“Эл ыкчам чечүүнү талап кылып турат. Бирок бул маселелер бир тараптуу эмес, коңшулардын катышы менен чечилет. Бул маселени чечип, жагдайды ордуна коюу олуттуу жана татаал экенин билесиздер. Куру кыйкырыкты эмес, кылдаттыкты талап кыларын унутпайлы. Өкмөт аралык комиссия, топтор иштеп жатат. Мамлекет башчылар менен кайсы аянтчада жолукпайлы, дайыма козголот. Бул иштин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем”, -деди Жээнбеков.

Бүгүн, 30-июнда өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант берди. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, аягында сөз сүйлөдү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймактардагы жергиликтүү элде байма-бай чыр-чатактар катталып турат.

Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташууга, экспорт-импорт маселесине байланыштуу ЕАЭБге мүчө кошуна Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда маал-маалы менен талаш-тартыш орун алып келатат.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп 2017-жылы 15-октябрда шайланган. Коомчулукта мураскери катары бааланган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилеси инагурациядан кийин бузулган. Учурда Алмазбек Атамбаев "Кой-Таш окуясы" жана "Батукаев иши" боюнча оор кылмыштарга айыпталып, УКМКнын камагында отурат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG