Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү болот


Кой-Таш айылы. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылы. 9-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш бүгүн, 1-июлда уланат. Бул тууралуу Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Бүгүнкү жараянда мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга айыбын жана чектеген жазасын угузууну улантат.

Буга чейин, 22-июндагы жараянда прокурорлор төрт адамга айыбын угузган. Алар - парламент депутаты Асел Кодураңова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев, кеңешчиси Кундуз Жолдубаева.

Адвокаттардын айтымында, аларга «Бийликти күч менен басып алуу», «Барымтага алууну жана жапырт башаламандыктарды уюштуруу» сыяктуу оор беренелер менен айып коюлган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны төгүндөп жүрөт. Ишти сот жабык карап жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG