Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Матраимов «Азаттыктын» жаңы иликтөөсүнө жооп берди


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

29-июнда жарыяланган «Азаттык» радиосунун «Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору» деп аталган жаңы иликтөөсүндө сөз болгон компаниялар жана адамдар бул фондго каражат которгонун Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов ырастады.

«Чынында ишкердик менен алектенген ошол компаниялардан жана адамдардан ыктыярдуу которуу түрүндө каражаттар келип түшкөн. Алардын ар бири менен фонд келишим түзгөн, акча каражаттарын колдонуу максатын көрсөткөн. Которулган акчанын баары расмий түрдө фонддун банктагы эсебине келип түшкөн жана максатка ылайык колдонулган», - деп Матраимов 1-июлда «Азаттыкка» орус тилинде кат менен жооп берди.

Матраимов өз билдирүүсүндө «Журналисттер фондго которулган каражаттарды эмне үчүн акча адалдоо схемасынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылган?» деген суроо койду.

«Азаттык», OCCRP, «Клооп» жана «Bellingcat» жарыялаган иликтөөдө «Исмаил Матраимов фонду» Айеркен Саймаити менен Хабибулла Абдукадырга байланышы бар чет өлкөлүктөрдөн 670 миң доллар алганы ашкереленген. Ал эми Саймаити Кыргызстандан миллиондогон доллар күмөндүү акчаны чыгарып, аны негизинен ошондогу иш берүүчүсү Абдукадырга которгону белгилүү. Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде Абдукадырдын жүк ташып бажыдан өткөн компаниясын калкалап турганы үчүн ошол маалдагы кыргыз бажысында жетекчилик кызматтарда иштеген Райымбек Матраимовго «тиешелүү үлүш берилип турганын» билдирип, аны «пара» катары мүнөздөгөн. Саймаити каражаттарды аялы экөөнүн, ошондой эле Дубайдагы, Түркиядагы башка адамдардын жана компаниялардын аттарынан салдыртканын белгилеп, муну ырастаган айрым документтерди берүүгө үлгүргөн.

Саймаити дагы кошумча маалыматтарды берүүгө убада берген. Бирок 2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Финансы полициясы «Матраимовдордун фонду кайрымдуулук менен алектенет» дегенине карабай айрым демөөрчүлөрү акчаны коммерциялык максатта которгону белгилүү болду. Финполиция ырастаган Матраимовдордун фондунун дагы 800 миңге жакын доллар которгон алты демөөрчүсү тууралуу маалымат азырынча ачыкка чыга элек.

Матраимовдор 2019-жылы декабрдан бери «Азаттык», анын журналисти Али Токтакунов жана «Клооп» менен соттошуп, алардан 45 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Матраимов фондунун бети ачылган донорлору
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:35 0:00

XS
SM
MD
LG