Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Суракматов: Коронавирус жуккандардын теңинен көбү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкекте коронавирус жугузуп алган 2392 кишинин жарымынан көбүн же 55% мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов 1-июлдагы брифингде билдирди:

«Бишкекте 1-июлга карата 2392 кишиден коронавирус лаборатория аркылуу ырасталды. Анын ичинен 100 учур Орусиядан кайтып келген аскер кызматкерлеринин арасынан чыккан. Акыркы 10 күндүн ичинде күн сайын ооруну жугузуп алгандар көбөйүүдө. 22-июнда ал 82 болсо, 1-июлга карата күнүнө 195 учурду түздү. 21 адам каза тапты, өлүм көрсөткүчүнүн кескин өсүшү соңку жумада байкалууда. 3706 адам байланышта болгондор катары медициналык көзөмөлдө турат».

Суракматовдун айтымында, Бишкекте учурда Ленин жана Октябрь райондорунда эпидемиологиялык абал курч. Ленин районунда - 725, Октябрь районунда - 466, Биринчи май районунда - 446, Свердлов районунда 355 кишиден коронавирус аныкталган. Аталган төрт районго караган жаңы конуштарда жашаган 400дөн ашык киши вирус жугузуп алган. Алардын 200ү Ленин районунун карамагындагы конуштардын тургундары.

1-июлга карата Кыргызстандын аймагында дагы 439 адамга өпкөнү сезгенткен коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 5735 адамга жетти. Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алгандан кийин 5 киши каза болду. 1-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 62 кишиге жетти. Бул - расмий маалыматтар.

Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Вируска чалдыккандан жана өпкө кагынуудан (пневмония) ооруканалардын алдында жыгылгандар, бейтапканалар кабыл албай жаткан учурлар тууралуу видеолор да байма-бай чыга баштады.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

Акыркы апталарда пневмония менен ооруканага кайрылгандар кескин көбөйгөнүн дарыгерлер билдирип жатышат.

29-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов марттын аягынан бери өлкө боюнча пневмониядан каза болгондор 50дөн ашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG