Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Медайымдар биримдиги COVID-19га каршы күрөшкө ыктыярчыларды чакырууда


Анализ даярдап жаткан медицина кызматкери. Июнь, 2020-жыл.
Анализ даярдап жаткан медицина кызматкери. Июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы медайымдар биримдиги коронавирус жана өпкө кагынуудан (пневмония) жапа чеккен бейтаптарга жардам берүүгө ыктыярчыларды чакырып жатат. Биримдик «Фейсбуктагы» баракчасына бейтаптар менен иштеш үчүн медициналык билими барлар ишке чакырыларын жазды.

Медициналык билими жокторду санитардык иштерге чакырды. Кийинчерээк аталган биримдиктин баракчасында санитардык иштерге талапкерлер көп чыккандыктан орун толуп калганы, медициналык билими бар ыктыярчыларга дагы эле муктаждык бар экени жазылды.

Кайрылууда ыктыярчылар 14 күн иштеп, 14 күн обочолонуу режиминде болору айтылган.

Буга чейин өлкөдөгү дарыгерлер коомчулугу коронавируска каршы ыктыярдуу түрдө биригүүгө чакырышты.

Жалпысынан 1-июлга карата маалымат боюнча, COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 879га жетти, алардын 446сы айыгып, ооруканадан чыккан, үчөө кайтыш болгон.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүш керек экенин 26-июнда билдирген.

XS
SM
MD
LG