Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Вирус жуккандардын саны боюнча Чүй облусу кайрадан алдыга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккандардын саны боюнча кайрадан Чүй облусу алдыга чыкты. Республикалык ыкчам штабдын 2-июлдагы маалыматына караганда, бир күндө COVID-19 инфекциясы менен Чүйдө 231 адам катталды. Жалпысынан бул оору жуккандардын саны облус боюнча 1138 адамга жетти.

Коронавирус Кыргызстанда 18-мартта каттала баштаган. Алгач ооругандар Жалал-Абад облусунда көп болуп жаткан. Кийинки убакта эң жогорку көрсөткүч борбор шаар Бишкекте болуп келген.

Чүй боюнча көрсөткүч май айында Орусиядан жеткирилген мигранттардын эсебинен бир нече жолу алдыга чыккан. Себеби алар облус аймагындагы обсерваторлорго жаткырылган.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530у айыгып кетти.

Өлкөдө коронавирусту аныктоо ыкмасы күмөн жаратууда. Айрым учурда анализдин жыйынтыгы 10 күнгө чейин чыкпай жатканын айткандар бар. Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандарынын баарын коронавирус деп караш керек экенин билдирип жатышат.

Расмий маалыматка караганда, март айынан бери пневмония менен 1971 адам катталды, алардын 627си айыкты, 97си кайтыш болду, 1247си ооруканада жатат. Ооруканадагылардын 337синин абалы оор, алардын 112си реанимацияда. (RK)

XS
SM
MD
LG