Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Аскаровдун адвокаты БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатат


Азимжан Аскаров сот залында. 2017-жыл.
Азимжан Аскаров сот залында. 2017-жыл.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатат.

«Кыргызстан эл аралык келишимдерге кол койгондон кийин анын талаптарын аткарыш керек. Жогорку сот болсо Аскаров боюнча Чүй облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Ушунун баарынын жыйынтыгын чыгарып туруп кайрылабыз», - деди Вахитов.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп өкмөт менен соттошууда.

Бишкек шаардык административдик соту 12-июнда Аскаровдун өкмөттүн үстүнөн жазган административдик арызы боюнча ишти кароону токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Укук коргоочунун жактоочулары бул чечимге нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG