Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Евробиримдик Орусияны добуш берүүдөгү эреже бузулган учурларды иликтөөгө чакырды


Москвадагы добушканалардын бири. 29-июнь, 2020-жыл.
Москвадагы добушканалардын бири. 29-июнь, 2020-жыл.

Европа Биримдиги Орусияны Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу маалыматтарды иликтөөгө үндөдү.

«Добуш берүү учурунда шайлоочуларга басым болгону, эки жолу добуш берген учурлар катталганы, шайлоого көз салып жаткан журналистке полициянын запкы көрсөткөнү тууралуу маалыматтар бизге белгилүү. Бул олуттуу айып болгону үчүн, биз мындай билдирүүлөр тиешелүү деңгээлде иликтенишин күтөбүз», - деди Евробиримдиктин өкүлү Петер Стано.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) АКШнын миссиясы «орус өкмөтү добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого аракеттенген» деген кабарларга тынчсызданып жатканын билдирди.

Кремль Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени өлкөдөгү туруктуулук менен коопсуздукту сактоо аракети катары түшүндүргөн. Бирок ага нааразы болгондор өзгөртүүлөр 67 жаштагы президент Владимир Путиндин бийликтеги мөөнөтүн узартууга багытталганын айтып жүрүшөт.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, протоколдордун 100% саналгандан кийин добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду.

Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түзгөнү айтылды.

XS
SM
MD
LG