Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү түз эфирде жашыды (видео)


Айнура Акматова. Архивдик сүрөт.
Айнура Акматова. Архивдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова «Тез жардам» автоунаасын түртүп бараткан медицина кызматкерлери тартылган видеого 3-июлдагы онлайн брифингде комментарий берип жатып сүйлөй албай мукактанып, жашыды.

Бул үчүн ал көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, медицина кызматкерлери азыр күнү-түнү иштөөгө мажбур экенин, техникалык мүчүлүштүктөр болбой койбой турганын белгиледи:

«Дарыгерлер бейтапты сактап калыш үчүн бардык аракетин көрүп жатышат. Күнү-түнү иштеп жатышат. Андай учурлар жок эмес. Техника деген техника, жолдо баратып бузулуп калышы мүмкүн».

Социалдык түйүндөрдө соңку күндөрү атайын коргонуучу кийим кийген эки аял жолдо баратып жүрбөй калган «Тез жардам» автоунаасын артынан түртүп жатканы тартылган видео тарап, бул үчүн колдонуучулар бийликти сындап жатышат.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Расмий статистика боюнча төрт кызматкер каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG