Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Түркиядагы кыргызстандыктар Бишкекке кычкылтек концентраторлорун жөнөтүштү


"Кыргызстан достук жана маданият" коомунун эн белгиси.
"Кыргызстан достук жана маданият" коомунун эн белгиси.

Бул тууралуу Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият" коомунун жетекчиси Нурлан Абдыкаимов "Азаттыкка" билдирди.

Стамбулдан Бишкекке 15 даана кычкылтек концентратору 4-июлда жөнөтүлгөн.

Медициналык бул жабдыкты кыргызстандыктар өз каражатына сатып алышкан.

4-июлда Бишкек мэри Азис Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерди көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыкты.

Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Түркияда учурда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштеп жүрүшөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG