Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

“Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди


“Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 4-июлда партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кол коюлган кайрылуусу келип түшкөн.

Бул кайрылуунун негизинде партиянын шайлоо жана финансы маселелери боюнча өкүлдөрү катталды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөнү жатат. Шайлоо мыйзамына ылайык, 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлер катталып бүтүшү керек.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин “Ата Мекен” партиясы билдирип, БШКга кайрылган.

“Мекенчил” партиясы камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөн саясий бирикме катары белгилүү.(BkA)

XS
SM
MD
LG