Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Сабырбек Жумабеков: пневмонияны коронавирус пайда кылып жатат


Сабырбек Жумабеков.
Сабырбек Жумабеков.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков 6-июлда видео кайрылуу таратып, Кыргызстанда акыркы күндөрү кескин көбөйүп кеткен пневмонияны жугуштуу COVID-19 вирусу козгоп жатканын билдирди. Ал эл арасында пневмония менен коронавирусту өзүнчө бөлүп караган ойлор айтылып жатканын, бирок ал жаңылыштык экенин белгиледи. Дарыгер мындай пикирлер менен өзүн-өзү алдабоого элди чакырды:

«Коронавирус митаам, амалкөй вирустардын бири экен. Өзү жалгыз жүрбөй, бактерияларды кошо ала жүрөт. Мурунга, тамакка киргенден кийин организмдеги уктап жаткан бактерияларды ойготуп, алар менен кошо өпкөгө барып пневмонияны жаратып жатат. Бизге келген бейтаптар 3-4 күндөн жети күнгө чейинки аралыкта эки өпкөсү тең пневмония болуп атат. Дене табы көтөрүлөт, башы ооруйт, жөтөлөт. Дене табы көтөрүлгөндө аны түшүрүп, мурунку вирустарды жок кылып коюп атабыз. Иммунитет түшүп кетет да, биз бактерияга каршы дарыларды бербей же рентген, томография чыксын деп 3-4 күн жүрөбүз. Муну менен убакыттан уттуруп жатабыз. Бизге келгендердин 100% тең пневмония менен ооругандар».

Сабырбек Жумабеков пневмония айрымдарда эч кандай белгилери жок эле пайда болуп жатканын эскертти. Алгачкы белгилер билинери менен дарыгерлердин кеңеш алууну, өпкөгө жете электе антибиотик колдонууну сунуш кылды.

«Мен атайын дүйнөлүк китептерди окуп чыктым, өзүбүздүн тажрыйбаны да байкадым. Илимпоз, дарыгер катары мындай жыйынтыкка келдим. Ооруган биринчи күндөн баштап эле дене табы жогоруладыбы, жөтөлдүбү, тамагы оорудубу, ошондон тартып бактерияга каршы антибиотиктерди ала башташыбыз керек экен. Себеби, биз уктап жаткан чалажан бактерияларды ойготпошубуз керек. Вируска кошулуп тандем болуп кетишинин алдын алып, ошол жерде жок кылышыбыз керек. Буга бизге антибиотиктер жардам берет. Ооруган биринчи күндөн эле антибиотик иче баштагыла, сая баштагыла. Андан эч коркпогула. Эч зыяны жок. Антибиотик тамактагы пневмококк, стафиллококк, стрептококк деген бактерияларды жок кылат. Ошондо гана биз убакытты ута алабыз»,- деди Сабырбек Жумабеков.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан жети, пневмониядан 29 бейтап каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев буга чейин азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG