Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:51

COVID-19: Темир Сариев бийликти кескин кадамдарга барууга чакырды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Пандемиянын кесепетинен тийип жаткан залаканы азайтуу үчүн бийлик кескин кадамдарга барбаса болбой калды. Мындай пикирин 7-июлда мурдагы премьер-министр Темир Сариев өлкө жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда билдирди.

Саясатчы "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жарыялаган видеокайрылууда учурда коронавирустан жана пневмониядан жабыркаган миңдеген адамдар тийиштүү медициналык жардам ала албай, абдан кыйын абалга туш болгонун белгиледи.

Акыркы кырдаалга байланыштуу өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында эч бир маанилүү чечим кабыл алынбаганын сынга алган Сариев өлкө экономикасы абдан оор абалга кептелгенин айтты:

"Учурда өкмөттө экономиканы ойлогон эч ким жок. Сырттан келген жардамдар айлык акыдан ашкан жок. Ушундай учурда кескин чараларга баруу керек эле. Кыргызстандын "Центерра Голддо" 850 миллион доллар активи бар. Анын 200 миллионун алып, азыр Бишкекте, Ошто бардык шарттарга жооп берген оорукана ачуу керек. Аймактардагы ооруканаларды бардык керектүү медициналык жабдык менен камсыз кылуу зарыл. 200 миллион доллар жатат, биз бул жакта дары-дармек ала албай, элибиз кыйналууда. Ошол акчаны азыр колдонбогондо качан колдонобуз".

Ошондой эле экс-премьер бул акчанын эсебинен медицина кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү, жардамга муктаж жарандарга даректүү жөлөкпул төлөө, бизнести колдоо зарыл экенин кошумчалады.

Учурда коронавирус же пневмония менен ооруп жаткандарды акысыз дары-дармек менен камсыздоо керектигин айтты.

Кыргызстанда соңку бир аптадан бери пневмонияга чалдыккандар жана бул оорудан каза болгондор көп болуп жатат, бирок алардын саны коронавирус боюнча расмий статистикага кире элек. Өлкөнүн башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Бийлик абал өзгөчө Бишкекте оор экенин айтып, оорукана жетишпегендиктен кошумча стационарларды ачып жатат.

Коомдук уюмдар, ыктыярчылар биригип, жардамга муктаждарга өз алдынча колдоо көрсөтүп жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында элге алгачкы медициналык жардам берилбегени жана алдын алуу иштери жасалбаганы үчүн өкмөттү сындаган.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов сырттан келген акча максатка ылайык колдонулуп жатканын билдирген. Дарыгерлердин кошумча акысы июлдан тартып эл чогулткан акчадан эмес, республикалык бюджеттен төлөнөрүн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG