Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясы өтөт


Кол жууп жаткан медицина кызматкери. Бишкек шаары, күндүзгү стационар. 6-июль, 2020-жыл.
Кол жууп жаткан медицина кызматкери. Бишкек шаары, күндүзгү стационар. 6-июль, 2020-жыл.

Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясын өткөрүү боюнча сунуш бүгүн, 8-июлда жергиликтүү активисттер, медицина мекемелеринин жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтылып, колдоо тапты. Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу шарттарын өзгөртүү, аймакка кирген жолдорду жабуу тууралуу маселелер көтөрүлүп, ал колдоого алынбады. Катышуучулар обочолонуу акциясына токтолушту. Ага ылайык, жергиликтүү тургундар эми 10 күн бою башка аймакка, райондорго жана айылдарга чыкпайт. Башка аймактарга барып келгендер каттоого жана үй карантинге алынат.

Ысык-Көл облусунда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, ооруканалардан тышкары жерлерде да бейтаптар үчүн орундар даярдалууда.

Туристтик аймак катары таанымал Ысык-Көл районунда 33 адам өпкөсү кагынып дарыланып жатса, дагы 15 тургундан коронавирус аныкталган.

Ал эми облус боюнча 258 адамдан коронавирус аныкталып, анын 30у азыр медиктердин көзөмөлүндө, калганы дарыланып чыккан. (KS)

XS
SM
MD
LG