Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жогорку сотто сегиз кызматкер COVID-19 жугузуп алганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жогорку соттун аппаратында иштеген кызматкерлер коронавируска ПЧР-анализ тапшырды. Натыйжада сегиз кызматкерден COVID-19 илдети табылганын Жогорку соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, вирус жуккандардын арасында судья да бар.

«Учурда соттук жараяндар штаттык режимде өтүп жатат. Эгер кайсы бир соттук отурумда ишке байланыштуу тараптар келбей калса же башка бир себептери болсо, сот жылат. Ал эми сотко кайрылууга муктаж болгон жарандардан сот имаратына келген учурда санитардык эрежелерди так сактоону өтүнөбүз», деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу шашылыш эмес сот иштерин токтото туруу жөнүндө сунуштар айтылган. Мындай сунуштарга COVID-19 менен пневмониядан адвокаттар жана юристтер каза болуп жатканы жүйө келтирилген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган шартта Кой-Таш окуясы боюнча сот жүрүп жатканына нааразы болуп жүрүшөт.

Кой-Таш окуясы боюнча 8-июлга белгеленген кезектеги сот иши болгон жок.

Буга айыпталып жаткандардын көпчүлүгү жана алардын кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочулар процесске келбей калганы себеп болгон.

Ушуну менен сот жараяны ушул ай ичинде эле төртүнчү ирет жылдырылды. Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда пневмониядан кайтыш болгон.

30-июнда Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан ооруканага которулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаев акыркы аптада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.

Атайын кызмат Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден жугушу мүмкүн деген маалымат тараткан. Атамбаев азыр президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында жатат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG