Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Саламаттык сактоо министри жана анын орун басары дарыланып жатышат


Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыланып, үйүндө болууда. 9-июлда министрликтин бөлүм башчысы Айнура Акматова министрдин жана анын орун басарынын абалы канааттандырарлык экенин айтты, бирок кайсы орун басары экенин тактаган жок.

Акматова «Алар коронавирус жугузуп алганбы?» деген суроого да так жооп берген жок, болгону анализдин жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты:

«Оорусу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде дарыланып жатышат. Анализи чыкканда дагы маалымат берилет».

Саламаттык сактоо министринин эки орун басары бар. Буга чейин социалдык түйүндөрдө алардын бири Нурболот Үсөнбаев вирус жугузуп алганы жөнүндө маалымат тараган.

Өкмөт дарыгерлердин шайы оогонун, жаңы резерв топтош керек экенин айткан, министрликтин аппаратында көп кызматкерлер ооруп жатканы кабарланган.

Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116 бейтап кайтыш болду, 3053 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG