Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Москвада 15-июлга белгиленген митингге уруксат берилген жок


Элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноо, Волгоград. 1-июль, 2020-жыл.
Элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноо, Волгоград. 1-июль, 2020-жыл.

Москванын бийлиги оппозициячыл күчтөргө 15-июлда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткандардын бири, шааардын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович билдирди.

Активисттер Баш мыйзамдын өзгөргөнүнө каршы акцияны Москванын Пушкин аянтында өткөрүүнү пландап жатышкан. Литвиновичтен тышкары митинг өткөрүү тууралуу «Ачык Орусия» коомдук уюмунун аткаруучу директору Андрей Пивоваров менен координатору Татьяна Усманова да өтүнүч келтиришкен.

Бирок 9-июлда Пивоваров 2003-жылдагы «ЮКОСтун» иши боюнча камакка алынганы белгилүү болду. Ушул эле күнү полиция Татьяна Усманованын үйүндө тинтүү жүргүздү.

Санкт-Петербург шаарынын жетекчилиги да 15-июлда митинг өткөрүүнү көздөгөн активисттердин өтүнүчүн четке какты.

1-июлда жыйынтыкталган жети күндүк элдик добуш берүүдө колдоо тапканы айтылып, 4-июлда күчүнө кирген конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, 67 жаштагы Владимир Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү эсептелбейт жана ага 2024-жылы жана 2030-жылы өтө турган президенттик шайлоолорго катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар Орусияны дээрлик 20 жылдан бери президент жана премьер-министр катары башкарып келе жаткан Путин Баш мыйзамды өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн өзгөртүп жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG