Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Өзгөндөгү жардам сурап кайрылган дарыгер жазаланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун бассары Тургунбай Кадыров буга чейин Куршаб айылындагы оорунканасына «жардам керек» деп кайрылган кесиптешинин айткандары «чындыкка жатпайт» деп видео кайрылуу жарыялады. Аны Оштогу өкмөттүн өкүлчү «​Фейсбук» баракчасына чыгарды.

«Биздин жамааттын макулдугу жок, эч кандай өзү билбей туруп, туура эмес маалыматты Интернетке чыгарып жибериптир. Ал үчүн биз кечирим сурайбыз. Мын бул жерде бүт дары-дармектер коргонуучу каражаттардын запасы турат. Өкмөттүн тапшырмасы менен алты айлык запас даярдаганбыз», - деп көрсөткөн видео кайрылууда Кадыров.

Өзүн Куршабдагы дарыгер деп тааныштырган аялдын жардам сурааган видео кайрылуусу 8-июл күнү Интернетте тараган. Анда дарыгер өздүк коргонуучу каражаттардан ИВЛдерге чейин жетпей тургандыгын тизмелеп айтып берген.

Кадыров жардам сурап кайрылган кызматкерге карата чара көрүлө турганын айткан. Бирок кандай жаза экенин аныктаган эмес. Видеону чыгарган өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы да анын кандай жоопкерчиликке тартылары жөнүндө маалыматтары жок экенин айтты.

Буга чейин Бишкектин мэри Азиз Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерге кайрылды. (DU)

XS
SM
MD
LG