Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

ТИМ Орусияда кыргыз жарандары көмүлгөн жай тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Орусияда токойдо кыргыз жана тажик мигранттары жапырт көмүлгөн жер табылды» деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме 10-июлда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Якутск шаарындагы кыргыздардын «Манас» диаспорасынын жетекчилиги менен байланышып, ал жер чынында эле жергиликтүү мусулмандардын кароосуз калган көрүстөнү экени тууралуу жооп алган.

Диаспора өкүлдөрү ал жер убагында тосулбай, каралбай калганын, көмүлгөн беш кыргызстандыктын төртөөнүн жарандыгы кыргыз, бирөөнүкү орусиялык экенин, аларды жерге берүү тууралуу уруксат кагаздары жайында экенин айтып беришкен.

ТИМ билдиргендей, Саха (Якутия) республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы көрүстөндүн тегерек-четин тазалап, жолдорун бир сыйра оңдоп, мүрзөлөрдү тосуп койду. Жер тилкесинин документтерин тактап, көрүстөндү өз көзөмөлүнө алмай болду.

Орусияда, расмий маалыматка караганда, 750 миңдей эмгек мигранты бар. 2019-жылы бул өлкөдөн Кыргызстанга 261 «Жүк-200» келген. (RK)

XS
SM
MD
LG