Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

БШК: Шайлоо бюджети кырдаалга жараша өзгөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт. Бул тууралуу 10-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жалпысынан шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды, анткени Жапония өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жабдык жагынан жардам берди.

Ошону менен катар аралыктан иштөөнүн эсебинен айрым пландалган уюштуруу иштери да кыскартылды. Өнөктөштөрдүн жардамы менен элге маалымат жеткирүү боюнча бир катар электрондук ресурстар даярдалып жаткандыктан бул багытта пландалган чыгымдар да кыскарганы турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон. Шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди.

Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар. БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

9-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев эпидемия шартында шайлоого акча коротуунун кереги жок деген пикирин билдирген.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Кыргызстандын өзүндө жана чет мамлекеттерде 2400 шайлоо участогу ачылат. Аларда 32 миң адам иштейт. Шайлоону уюштуруу планына аларга төлөнө турган акча (бир адамга бир айга 2-3 миң сом), транспорттук чыгымдар, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, кызматкерлерди окутууга, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык шарт түзүүгө кете турган чыгымдар кирет.

Бул иштерди уюштурууга ПРООН, KOIСA жана башка эл аралык уюмдар жардам бергени жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG