Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Сербия менен Косово жетекчилеринин диалогу жанданды


Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл жана биримдиктин чабарманы Мирослав Лайчак. Брюссель, 12-июль, 2020-жыл
Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл жана биримдиктин чабарманы Мирослав Лайчак. Брюссель, 12-июль, 2020-жыл

Европа Биримдиги Cербия жана Косово лидерлеринин сүйлөшүүлөрү жанданганын билдирди. Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти менен серб президенти Александр Вучич шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Борреллдин арачылыгы менен уюштурулган онлайн жолугушууга катышты. Акыркы жолу эки өлкө жетекчилеринин саммити 2018-жылдын ноябрында өткөн.

Евробиримдиктин чабарманы Мирослав Лайчактын айтымында, Вучич менен Хоти Брюсселде 16-июлда жолугушканы жатат. "Шаркеттин ортомчулугу менен жүргүзүлүп жаткан жараян Сербия жана Косовонун мамилелерин жөнгө салууну көздөйт жана 20 айдан кийин жанданып жатат", - деди Лайчак видео саммитттен кийин.

10-июлда Балкандагы бул эки өлкө сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу макулдашкан.

Сербиянын мурдагы провинциясы Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, АКШ, Еврошаркеттин бир топ өлкөлөрү тааныган. Бирок Белград жана Москва, ошондой эле бир нече мамлекет Косовону дагы деле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

Эки өлкө тең Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө умтулуп келатышат. Шаркеттин шарттарына ылайык, алар өз ара сүйлөшүп, ортодогу маселелерди чечүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG