Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Депутат Мирлан Жээнчороев парламенттик шайлоону жылдыруу сунушун кубаттады


Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өлкөдө кырдаал курчуганына байланыштуу парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу сунушун колдоп чыкты. Бул тууралуу пикирин депутат «Азаттыкка» да билдирип, «жарандардан изоляцияда болууну талап кылып, шайлоо менен алектенүү моралдык жактан туура эместигин» айтты.

«БШК жазда жергиликтүү кеңештердин жана шаарлардын кеңештерин шайлоону жылдырган эмес беле?! Анда коронавирус менен ооругандар күнүнө 40-50дөй болуп жаткан. Өлүмгө кабылгандар бир-эки кишидей эле болчу. Бүгүн андан эмне айырма бар? Азыр кырдаал андан эселеп оор болуп жатат. Шайлоону жылдырыш керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу да кырдаалды эске алып, өздөрүнүн сунушун киргизсе, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, чечим кабыл алып беришибиз керек»,-деди эл өкүлү.

Жээнчороев ал жетектеген партия үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнү убактылуу токтотконун, коронавирус менен күрөшүүдө элге жардам берүү менен алектенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин депутаттар Жанарбек Акаев менен Рыскелди Момбеков да шайлоону токтото турууну же жылдырууну сунушташкан. Акаев «коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоону» талап кылып, парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырган.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.

Кезектеги парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG