Бишкек шаарында жана Чүй облусунда каналга түшүп кеткен эки адамдан дайын табылбай жатат. Бул тууралуу 17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Биринчи Май районунда 15-июлда Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 44 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аны издөөнү бүгүн да улантып жатышат.
Чүй районунда 13-июлда Алга айылындагы Чоң Чүй каналына 41 жаштагы аял түшүп кеткен. Издөө иш-чараларына тартылган куткаруучулар аракетин бүгүн да улантууда.
Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)