Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Боршайком шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү


Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоону өткөрүүгө жумшала турган сумманы өзгөрттү. Бул маселе комиссиянын 17-июлдагы жыйынында каралып, республикалык бюджеттен 446 миллион 900 миң сом жумшалат деген чечим кабыл алынды.

Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды.

Шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларында иштегендердин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындан тышкары дагы 60 миллион сом керек болору, бул боюнча эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканы белгиленди.

2 миң 462 (анын ичинде 42си чет өлкөлөрдө) шайлоо участогу ачылат, аларда жалпысынан 31 миң 483 адам иштейт.

16-июлга карата өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 3 миллион 429 миң адам болду, бул 2015-жылкы шайлоодогуга салыштырганда 667 миң 746 шайлоочуга көп.

Кыргызстан парламенттик шайлоону быйыл 4-октябрда өткөрүүнү пландап жатат. Ага катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жоктугун айтып жатышат, ал эми Боршайком бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Буга чейин 2020-жылы парламенттик шайлоого 560 миллион сом каралып жатканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG