Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Байланыш комитети: Change.org сайтынын бөгөттөлүшү боюнча документ келе элек


Change.org сайтында «Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» деп аталган петицияны төрт миңдей киши колдогон пикир калтырган.
Change.org сайтында «Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү үчүн!» деп аталган петицияны төрт миңдей киши колдогон пикир калтырган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети Change.org сайтынын Кыргызстанда ачылбай калганы боюнча «Азаттыкка» комментарий берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Тимур Алхожоев азырынча аларда расмий түшүндүрмө жок экенин тактады.

«Мыйзамга ылайык, прокуратура сотко арыз жазып, соттун чечими менен бизге расмий кайрылат. Биз соттун чечимин интернет провайдерлерге жиберебиз жана алар андан кийин тиешелүү сайтка бөгөт коюшу керек. Change.org сайтынын бөгөттөлүшү боюнча бизге эч кандай документ келе элек. Ошондуктан биз азырынча расмий түшүндүрмө бере албайбыз. Ошол эле учурда интернет провайдерлер соттун чечимин түздөн-түз алышы да мүмкүн. Ал боюнча азыр тактоо иштери жүрүп жатат»,-деди ал.

16-июлга караган түнү жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасы Кыргызстанда ачылбай калган. Мунун алдында сайтта президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган эки петицияга кол топтолуп жаткан болчу. Сайт жабылганга чейин петицияларга 4000 миңдей киши кол койгону кабарланган.

Кыргызстанда интернет жеткирүүчү 70тен ашуун компания бар жана «Азаттык» алардын көбүнө чалып, түшүндүрмө ала алган эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маселе «президенттик аппараттын компетенциясына кирбей турганын, байланыш комитетинен жооп алуу туура болорун» билдирген. Комитеттен ал күндөрү комментарий алууга мүмкүн болгон эмес.

Change.org сайтынын бөгөттөлүшүн «Медиа Полиси Институту», «#RЕакция» кыймылы сыяктуу бир катар уюмдар жана активисттер айыптап чыгышкан. Алар муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG