Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

COVID-19: Үмүт берген сандар, өпкө дарыгеринин кеңеши


Бишкектеги убактылуу стационар.

Кыргызстанда соңку бир суткада ооруканаларда коронавирустан жалпысынан 34 адам көз жумду. Буга чейин бул илдеттен каза тапкандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 15-июлда катталып, 84 адамды түзгөн. Акыркы күндөрү коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын саны күндө 80-90го жетип жаткан.

Коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү төмөндөп, жакшы тенденция байкала баштаганын 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде белгиледи:

“Кудайга шүгүр, акыркы күндөрү өлүмдүн көрсөткүчүндөгү тенденция жакшы жакка бурулуп жатат. Өлүмдүн көрсөткүчү – акыркы суткада тастыкталган COVID-19дан эки эле адам (бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында), ал эми лабораториялык жактан тастыкталбаган COVID-19дан 32 адам көз жумду. Эпидемия башталгандан берки жалпы көрсөткүч 1037 адам болду. Бүгүнкү күндө стационарларда 13 201 адам дарыланып жатат. Алардын арасында реанимациядан которулгандар да бар. Тенденцияны көзөмөлдө кармап жатабыз”.

Башкы өпкө дарыгери: Денеси ысып ооруп тургандардын баары коронавирус

Азыр сысык тумоонун сезону эмес, андыктан денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жаткан адамдардын баары коронавирус деп эсептелет. Бул тууралуу 20-июлда онлайн брифингде Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев билдирди.

Сооронбаев мындай адам оорунун очогу экенин белгилеп, башкаларга жуктурбоо үчүн обочолонушу зарылдыгын айтты:

“Денеси ысып, оорунун белгилери пайда болгон адам инфекциянын жайылтуучусу экенин түшүнүшү керек. Азыр кимдин денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жатса, ошол адамды коронавируска чалдыккан деп кабыл алуу зарыл. Себеби азыр сасык тумоо жок, респиратордук вирустук инфекциянын сезону эмес. Мындай адамдар жаны аны менен контакт болгондор сөзсүз өзүнчө обочолонушу керек”.


Ошону менен катар Сооронбаев COVID-19га чалдыккан адамдын өпкөсү гана сезгенбестен, мурдагы өнөкөт оорулары да козголуп жатканын кошумчалады.

Сооронбаевдин айтымында, ошол себептен жана инфекция өтө агрессивдүү болгондуктан каза болгон бейтаптарды сактап калуу мүмкүн болгон жок:

“Кимдин саламаттыгында коркунуч факторлору болсо, кимдин өнөкөт оорусу бар болсо, иммунитети алсыраган адам болсо, оор пневмониядан тышкары системалык жабыркоого алып келет, иммундук клеткаларды, жүрөктү, бөйрөктөрдү, боорду, мээни жабыркатат. Респиратордук вирустар арасынан жалгыз ушунусу өпкөдөн тышкары көптөгөн башка да жабыркоолорду алып келет. Абдан агрессивдүү инфекция болгондуктан дарылоого карабастан өлүм менен аяктоодо".

Министрликтин жетекчилери дарыланууда

Ал арада Саламаттык сактоо министрлигинин эки жетекчисинин абалы белгилүү болду. Министр Сабиржан Абдикаримовдун да, орун басары Нурболот Үсөнбаевдин да абалы жакшы, алар дарылануусун чет жакта эмес, Бишкектеги инфекциялык ооруканада улантып жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:

“Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшевич бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жатышат. Абалы жакшы эле. Динамика жакшы эле. Кудай буюрса, жакында алар чыгышат. Чет мамлекетке кеткен эмес. Оору пайда болгондон кийин ооруканага жатышкан”.

Абдикаримов менен Үсөнбаев инфекциялык ооруканага түшкөнү 9-июлда расмий айтылган. Соңку күндөрү министрдин абалы оорлоп, ал дарылануусун Германияда улантып жатканы тууралуу сөздөр тараган.


17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирет:

1. Лабораториялык тастыктоосу бар COVID-19,

2. Лабораториялык тастыктоосу жок, бирок белгилеринен жана рентгенден билинген COVID-19 (пневмония).

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG