Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра иштеп чыгыш үчүн артка кайтарат. Бул тууралуу ал 25-июлда КТРКнын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.

«Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан, конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды кайра кайтарам. Бирок, бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм», - деди өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков аталган мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин баалады.

Президент мыйзамды иштеп чыккандардын жана аны колдоп жаткандардын негизги максаты — жалган маалыматка каршы күрөш экендигин колдой турганын айтып «Бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек», - деди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган.

«Бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындаган активисттер «#REакция» деп аталган акция өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырышкан.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак менен жалаадан коргоого өбөлгө түзөт деген жүйө келтиришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG