Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Чодуев: Орусия менен Казакстанга экспорт тоскоолдуксуз жүрүп жатат


Кыргызстан, Ош базары.
Кыргызстан, Ош базары.

Быйылкы жылдын башынан бери Кыргызстанда айыл чарба тармагында 64 млрд. 646,4 млн. сомдук өндүрүм чыгарылды.

Бул тууралуу айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 28-июлдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, алты айдын жыйынтыгында тармактагы өсүш 101,6% түздү. Мал чарбасында 50 млрд. 642 млн. сомдук, багбанчылык 11 млрд. 293,5 млн. сомдук азык өндүрүлдү.

Нан жана ун азыктары боюнча, быйыл өлкөдө 247,5 гектарга буудай себилген. Азыр аны оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат.

Министр азык-түлүктөрдү сыртка экспорттоо жолго коюлганын кошумчалады. Анын айтымында, атамекендик ишкерлер, фермерлер өз өндүрүмүн Орусия жана Казакстанга тоскоолдуксуз өткөрүп жатышат.

Чодуевдин билдирүүсүндө, өлкө күнүмдүк жашоого керектелчү тогуз азык-түлүктүн ичинен үч гана өндүрүм менен камсыздалган. Алар – сүт, сүт азыктары, картөшкө, жашылча-жемиштер. Калган алты азык импорттон келет.

Өлкөнүн базарын ички азык-түлүк менен камсыздоо төмөнкүдөй: нан азыктары 101,5 пайыз, картөшкө 105,8, сүт жана сүт азыктары 133,2, эт 61,6, жашылча-жемиш 92,9, мөмө-чөмө 27,1 пайыз, жумуртка 78,8, шекер менен 86,8 пайызга камсыз болгон.

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасында Кыргызстан тараптан товар алып өтүүгө Казакстан тараптан тоскоолдуктар болуп, кийинчерээк жоюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG