Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Кыргызстан: ЕАЭК Казакстандын чек арадагы текшерүүлөрүн тоскоолдук деп тааныды


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды тоскоолдук деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-июнда комиссиянын коллегиясы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл пункттары боюнча маселени карап, казак өкмөтүнөн төмөнкүдөй ыкчам чараларды көрүүнү суранды:

  • Кыргызстандан ташылып кирүүчү ЕАЭБ товарларын ашкере текшерүүнү токтотуу;
  • Кыргыз-казак чек арасынан транспорт каражаттарын өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү;
  • ЕАЭБ укуктарында каралбаган бардык текшерүүлөрдү токтотуу;
  • Тез бузулуучу товарлар жана башка азык-түлүк үчүн “жашыл коридор” ачып берүү;

Министрлик билдиргендей, коллегия ЕАЭБ ичинде товар ташууга байланыштуу көйгөйлөр көп экенин белгилеп, аларды талкуулоо үчүн жогорку деңгээлде иш тобун түзүү тууралуу чечим кабыл алды.

Чүйдө кыргыз-казак чек арасынан казак тарапка өтө албай турган оор жүк ташуучу автомашиналардын кезеги жети чакырымга жетип жатканы 9-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде талкууланган.

Депутаттар бул маселе ЕАЭК жыйынында чечилбесе, комиссиянын коллегиясынын курамындагы эки кыргызстандык министрди чакыртып алуу керектигин айтышкан.

8-июнда Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети билдирүү таратып, эки өлкө ортосунда өтүп жаткан товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экенин маалымдаган.

9-июнда Кыргызстандын Экономика министрлиги казак тараптын бул маалыматы чындыкка дал келбесин билдирген.

10-июнда Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады. Министрлик казак тарап эч убакта тоскоолдук жаратпаганын белгилеп, бул маселени ЕАЭК коллегиясы төрт саат бою талкуулап, ушундай эле бүтүмгө келгенин билдирди.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

ЕАЭБге караштуу ЕАЭК тогуз мүчөдөн турат. Алардын ар бири министр макамына ээ. Комиссиянын кеңсеси Москвада жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG