Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстан: Казакстанда бизден барган импорт 85,6 миллион долларга аз көрсөтүлгөн


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан казак тараптын ортодогу соода-сатык боюнча көрсөткүчтөрдөгү 10 эсе айырма тууралуу статистикалык маалыматы чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги 9-июнда тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда белгиленгендей, Кыргызстандын жана Евразия комиссиясынын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга жөнөткөн экспорту 337,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми Казакстандын Статистика боюнча комитети Кыргызстандан барган импорт 2019-жылы 251,9 миллион доллар болгон деп билдирүүдө. Ошентип, казак тараптын маалыматы 85,6 миллион долларга аз көрсөтүлгөн.

Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети 8-июнда билдирүү таратып, эки өлкөнүн ортосунда өтүп жаткан товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экенин маалымдаган. Маалыматта акыркы бир жарым жыл ичинде (январь, 2019 – июнь, 2020) Кыргызстандан Казакстанга транзитти эсепке албаганда, 79 163 жүк ташуучу унаа кирүүгө аракет кылганы, бажыдагы түрдүү текшерүүлөрдүн натыйжасында алардын басымдуу бөлүгүндө товарларды мыйзамсыз, жасалма документтер менен алып өтүү аракети аныкталганы белгиленген.

Бул маселе 9-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде жүк ташуучу автомашиналардан узундугу жети чакырымга жеткен кезек түзүлгөнү, алар казак тарапка өтө албай жатканы айтылган.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG