Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Казакстан Кыргызстанды товар ташуудагы мыйзам бузууну “уккусу келбей жатат” деп айыптады


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады.

Министрлик казак тарап эч убакта тоскоолдук жаратпаганын белгилеп, Евразия экономикалык комиссиясы да ушундай бүтүмгө келгенин маалымдады:

“Былтыркы жылдын башынан быйылкы жылдын июнь айына чейин казак-кыргыз чек арасынан Казакстан жана Орусияны көздөй дээрлик 80 миң жүк ташуучу автоунаа өткөн. Алардын арасынан 1547си тууралуу маалыматты тандап алып текшергенде 1505и боюнча Казакстандын салык мыйзамдарынын одоно бузулушу аныкталган. Кабыл алуучулары жалган көрсөтүлгөн, ташылып бараткан товар документте жазылганына дал келбей калган. Натыйжада салык 5 миллион долларга кошумча чегерилген. Мына ушундай фактыларга карабастан, Нур-Султандын конструктивдүү сунуштарын Бишкек “уккусу келбей”, “тосмолор тууралуу жоромолдорун” улантып келет. Өнөктөштүн мындай мамилеси биринчи кезекте ЕАЭБ аймагына Кытайдан ташылып келүүчү эл керектөөчү товардын мыйзамдуу өтүшүнөн качуу максатында ынак коңшулук кызматташтыктан атайылап баш тарткысы келип жатат деген күмөн ой жаратууда”.

Ошону менен катар казак тарап сонку күндөрү кыргыз-казак чек арасында 500дөй жүк ташуучу машина кезекте турган учурлар катталганын белгилеп, мунун объективдүү себептери бар экенин билдирди. Коронавируска байланыштуу жети өткөрмө бекетинин бешөө жабылганын, айыл чарба азыктары бышкан сезондо жүк ташыгандар көбөйөрүн белгиледи.

Министрлик “Казакстан товарлардын өтүүсүнө эч кандай тоскоолдук жаратпайт” деп кошумчалап, бул маселени Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы карап чыгып, ушундай бүтүмгө келгенин билдирди.

8-июнда Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети билдирүү таратып, эки өлкө ортосунда өтүп жаткан товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экенин маалымдаган.

9-июнда Кыргызстандын Экономика министрлиги казак тараптын бул маалыматы чындыкка дал келбесин билдирген.

Анда белгиленгендей, Кыргызстандын жана Евразия комиссиясынын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга жөнөткөн экспорту 337,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми Казакстандын Статистика боюнча комитети Кыргызстандан барган импорт 2019-жылы 251,9 миллион доллар болгон деп билдирүүдө. Ошентип, казак тараптын маалыматы 85,6 миллион долларга аз көрсөтүлгөн.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG