Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Боронов: медицина кызматкерлеринин вирус жугузуп алышынын себептери иликтенүүдө


Бишкек. Коронавируска тест алуу учуру. 15-июль, 2020-жыл.
Бишкек. Коронавируска тест алуу учуру. 15-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин коронавирус жугузуп алышынын себептери иликтене баштады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде билдирди:

«Медицина кызматкерлеринин ооруга чалдыгышын азайтууга биз башынан бери катуу көңүл буруп келгенбиз. Бирок тилекке каршы, алардын ар кандай себеп менен ооруга чалдыгышы абдан көйгөйлүү маселе болуп келатат. Акыркы статистиканы карасак, мурунку күндөргө салыштырмалуу бир топ жеңил. Ошентсе да аларды мүмкүн болушунча оорудан сакташ үчүн атайын иштерди жүргүзүүдөбүз. Азыр атайын кызматтар, медицина тармагындагы илимпоздор, сырттан келген эксперттер ушуну изилдеп, медиктердин вирус жугузуп алышынын себептерин аныктап жатышат. Буга чейин да изилдөө жүргөн. Мүмкүн коргоочу кийимдердеби же кандайдыр бир эрежени сактоодо маселе барбы - ошонун баарын аныктоо боюнча тапшырмалар берилди».

Бороновдун айтымында, учурда медиктердин коргонуучу кийимдери жетиштүү. Алардын үч айлык запасын камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Өкмөт коргоочу кийимдердин запасын камдаш үчүн 24-июлда 300 миллион сом бөлгөн.

Расмий маалымат боюнча, 28-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин саны 2691ге жетти, алардын 1520сы айыкты. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1329 киши каза болду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844кө жетти.

Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавируска кошуп каттай баштаган.

XS
SM
MD
LG