Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

COVID-19 дагы 20 медицина кызматкеринен аныкталды


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда 29-июлга карата маалымат боюнча дагы 20 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алган медкызматкерлердин бирөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, ону Чүй облусунда, алтоо Жалал-Абад облусунда, бирөө Таласта, дагы бири Ысык-Көлдө.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери биринчи жолу Бишкек шаарында медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок.

Бир күн ичинде жети медик айыгып, ооруканадан чыкты. 68и үйдө изоляцияда.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жалпы 2711 медкызматкерден аныкталды. 1595и айыкты.

XS
SM
MD
LG