Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 31-июлдагы брифингде билдиргендей, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин экөө Бишкекте, төртөө Ош шаарында, алтоо Ош облусунда, алтоо Жалал-Абад аймагында, бирөө Талас облусунда, дагы алтоо Баткенде катталды.
Пандемия башталган март айынан бери 29-30-июлда биринчи жолу Бишкекте медиктердин вирус жугузуп алган учуру аныкталган жок. 31-июлда кайра эки кызматкерден табылды.
Бир күн аралыгында алты медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантинде отурган 44 кызматкер сакайды.
Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медиктердин саны 2768 кишиге жетти. Анын 1714ү айыкты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.