Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Орусияда нааразылык акцияларында 70тей адам кармалды


Новосибирск шаарында каршылык акциясына чыккандар менен полиция өкүлдөрү сүйлөшүп жатышат. 2-август, 2020-жыл.
Новосибирск шаарында каршылык акциясына чыккандар менен полиция өкүлдөрү сүйлөшүп жатышат. 2-август, 2020-жыл.

Орусиянын ар кайсы аймактарында 1-августта өткөн каршылык акцияларында ондогон адамдар кармалды. Бир катар шаарларда Хабаровск аймагынын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы демонстрациялар өттү.

Хабаровск шаарынын өзүндө тынбай жааган нөшөргө карабай миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Ушуну менен нааразылык акцияларынын башталганына төртүнчү жума болду.

Демонстранттар «Эркиндик», «Путин кет!» деген ураандарды чакырып жатышты. Алардын арасында «Путинсиз Орусия» деген жазуусу бар кагазды көтөрүп жүргөндөр да болду.

Жергиликтүү бийлик бул жолу Хабаровскиде үч жарым миңдей адам чыкканын билдирди, ал эми маалымат каражаттары он миңдей деп жазышты.

Хабаровскинин өзүндө кармалгандар болбогону менен, Санкт-Петербург, Москва, Владивосток, Комсомольск-на-Амур шаарларында полиция демонстранттарды кармап кеткени маалымдалды.

Митингдер Сергей Фургал 15 жыл мурун киши өлтүрүүгө айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Фургал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири болчу.

XS
SM
MD
LG