Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Парламенттик шайлоодо үгүт иштерине катышууга 14 маалымат каражатына укук берилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргызстандын 14 маалымат каражатын жана интернет-басылмасын аккредитациялайт. Мындай токтом БШКнын 30-июлдагы жыйынында кабыл алынды. Бул маалымат БШКнын сайтында жарыяланды.

Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 210 ЖМК жана интернет-басылма арыз берип, тизмеге катталган. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма. 

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланган.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган. Шайлоого катышуу ниетин жалпысынан 44 саясий партия билдирген, БШК алардын бирөөнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон баш тартып койгондуктан азыр соттошуу уланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG